АКШ кыргызстандыктар үчүн виза алуу процедурасын жеңилдетет – Жогорку Кеңештин Төрагасы

АКШ университеттеринде окуган студенттер жыл сайын ушундай көйгөйгө туш болушат. Алар бул өлкөдө калуу визасын узартуу үчүн Кыргызстанга кайтууга аргасыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүн Өмүрзаков билдирди, деп жазат 24kg агенттиги.

Анын айтымында, студенттик виза бир жылга гана берилет. «Бир жылдан кийин АКШнын университеттеринде окуган студенттер мекенине кайтып келишет. Бул ар бир үй-бүлө үчүн кошумча чыгым жана ыңгайсыздык», – деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кесиптештерине АКШ бийлиги менен кыргызстандыктар үчүн виза берүүнүн жол-жобосун жеңилдетүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди.

«Жакынкы айларда бул маселе оң натыйжа берет деп үмүттөнөбүз. АКШ виза берүүнү жеңилдетип, анын мөөнөтүн 5-10 жылга узарта алат», – деди ал.