АКШ бир нече кыргыз компаниясына санкция салды

АКШнын Каржы министрлиги Орусияга микрочиптерди жана башка технологияларды жөнөткөн төрт кыргыз компаниясына санкция салды.

20-июлда жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларына жана алардан товар алып турган орусиялык ишканалар (“Базис Трейд Прософт”, “Радиотехснаб”, “Регион-проф”, “Технологии, системы и комплексы”, “СиАйСи”) АКШнын кара тизмесине киргизилди.

“Кыргызстанда жайгашкан ишканалар Орусия Украинадагы толук масштабдуу баскынчылыгын баштагандан бери санкция салынган электрондук компоненттерди жана башка технологияны Орусияга утур-утур жөнөткөн экспорттоочуларга айланган. Алар жөнөткөн товарлардын айрымдары Орусиянын коргоо тармагындагы ишканаларды кош багыттагы товарлар менен жабдыган”, — деп айтылат Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин расмий билдирүүсүндө.

Буга кошумча АКШ Орусиядагы бир катар ишканаларга жана Бириккен Араб Эмираттарындагы бир компанияга да санкция салды.

20-июлда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) АКШнын санкциялык чектөөсүн бузууга байланыштуу иликтөө баштаганын билдирип, кыргыз бийлиги санкциялык чектөөлөрдү бузбаганын, ошол эле маалда жеке компаниялар билбестиктин айынан мындай кадамга барышы ыктымалдыгын белгилеген.