Мурда соттолгон аял уурдалган унааны сатып жибергени үчүн кармалды

Баткенде мурда соттолгон аял уурдалган унааны арзан сатып изин жашырып кеткени үчүн кармалды.

Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 2022-жылдын 9-ноябрь күнү Араван районунун Төө-Моюн айылынын  35 жаштагы тургуну ага бейтаныш болгон аял ишеничине кирип, Mercedes-Benz унаасын 170 миң сомго баалап сатып жиберип, изин жашырып кеткен.

Арадан 3 күн өтүп унаа Жалал-Абад облусунан уурдалгандыгы аныкталган. Ал эми сатып алган айдоочу Кызыл-Кыя ШИИБине арыз менен кайрылган. Бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, шектүү аял  Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну экени аныкталган.

Тергөө иштеринин натыйжасында аял Бишкек шаарынан кармалган. Ал мурда уурулук беренеси менен сот жообуна тартылган.