Садыр Жапаровдун Сауд Аравияга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Падыша Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен 18-20-июль күндөрү Сауд Аравия Падышалыгына болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Булуңдагы араб мамлекеттери жана каржы мекемелеринин башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

19-июлда Жидда шаарында мамлекет башчысы Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер, Бахрейндин Падышасынын атайын элчиси, Падышанын үй-бүлө мүчөсү Нассер бин Хамад Аль Халифа менен жолугушту.

Ошондой эле ал Катар Мамлекетинин Эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани, Кувейт Мамлекетинин Мураскер ханзаадасы шейх Мишаль Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах жана Сауд Аравиянын Мураскер ханзаадасы, Премьер-министри Мухаммад бин Салман Аль Сауд менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Эки тараптуу жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири чөйрөсү боюнча актуалдуу багыттар талкууланып, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекет башчысы «Борбор Азия — Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши» аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммитинин ишине катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө ар кыл тармактарда региондор аралык кызматташтыкты активдүү алдыга жылдырууну сунуштады. Саммиттин жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Мекке шаарында умра (кичи ажылык) зыяратын кылды жана ага өзгөчө урмат-сый көрсөтүлдү — ал Ыйык Каабанын ичине кирип, намаз окуду.

Мамлекет башчысы ошондой эле Медина шаарында Мухаммед пайгамбардын мечитине барды. Ал Жараткандан кыргыз элине бакубат жашоону жана өлкөгө гүлдөп-өнүгүүнү тартуулашын тиледи.

20-июлда, кечинде, президент Садыр Жапаров жумушчу сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди.

photo 2023 07 20 22 34 45 1200x630 1 Садыр Жапаровдун Сауд Аравияга болгон иш сапары аяктады