Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизилет

Энергетика тармагына 2023-жылдын 1-августунан 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизүү сунушталды. Бул боюнча энергетика министри Таалайбек Ибраев биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, азыр электр энергиясынын тартыштыгы күчөп, генерациялык кубаттуулуктар жетишсиз болуп жатат.

«Климаттык шарттарга байланыштуу Нарын дарыясынын агымынын аздыгынан, электр энергиясынын жана генерациялык кубаттуулуктардын жетишсиздигинен энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн чукул чараларды көрүү зарыл деп эсептейм.

Буга байланыштуу 2023-жылдын 1-августунан 2026-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанда энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө президенттин жарлыгын чыгарууну сунуштайм», — деди министр.

“Маселен, 2023-жылы электр энергиясын керектөө 17,2 млрд кВт саат деп болжолдонсо, 2026-жылга карата 19 млрд кВт саатка чейин өсөт. Бул учурда Энергетика министрлиги 5-6 млрд кВт саат электр энергиясынын тартыштыгын күтүүдө”, — деди министр.

Таалайбек Ибраевдин айтымында, быйыл таңкыстык 3 млрд кв/саат болсо, 2026-жылга чейин 5-6 млрд чейин өсүшү мүмкүн.

Акылбек Жапаров бул идеяны колдоп,  орун басары Бакыт Төрөбаевге бул ишти көзөмөлгө алууну тапшырды.

“Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу президенттин жарлыгынын долбоору бүгүн же эртең менин колумда болушу керек», — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Акылбек Жапаров өлкөнүн электр жарыгысыз калуу мүмкүн экендигин айтып, буга байланыштуу министрлер кабинетинин башчысы президенттин жарлыгы менен Энергетика министрлигине өзгөчө ыйгарым укуктарды берүүнү зарыл деп тапты.