Президент Садыр Жапаров Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алды

Абдикарим Алимбаев аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган, тактап айтканда, Баткен облусундагы инфраструктураны жакшыртуу, социалдык объекттерди куруу, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу отчет берди.

Ал 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен, Лейлек райондорунда жана Баткен шаарында болгон окуялардан улам жабыркаган жарандар үчүн үйлөрдүн курулушу толугу менен аяктаганын маалымдады.