Перизат Суранова ачкачылыкты токтотуудан баш тартты

Абалы начарлаган Перизат Суранова ачкачылыкты токтотуудан баш тартты. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Маалым болгондой, Акыйкатчы Атыр Абдрахматова камактагы Перизат Суранова жана Орозайым Нарматовадан кабар алып чыкты.

«Перизат Суранованын абалы стабилдүү оор бойдон калууда. Тергөө абагына келген тез жардам талапка ылайык, Суранованы ооруканага жаткыруу үчүн алып кете алган жок.

Перизат Суранова ачкачылыкты токтотуудан баш тартты. Орозайым Нарматованын абалы стабилдүү оор. Ал ашказан жарасы жана жүрөк оорусу менен жабыркап жүргөнү белгилүү болду»,-деп жазды укук коргоочу.