Садыр Жапаровду Катардын эмири дүйнө чемпионатына чакырган, — Султанбаев

Президент Садыр Жапаров Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин жеке чакыруусу менен Катарга иш сапары менен келди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

attach Садыр Жапаровду Катардын эмири дүйнө чемпионатына чакырган, — Султанбаев

Анын айтымында, өлкө лидерлери акыркы убакта эки жолу көзмө-көз жолугушуу өткөрүштү.

«Биринчи жолугушуу Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында, экинчиси Астанада өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин алкагында өткөн.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө Катардын эмири президент Жапаровду жеке өзү Катарга, анын ичинде 2022-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине чакырган», — деп жазган Султанбаев.

Ал белгилегендей, учурда Катарда дүйнөнүн 30га жакын өлкөсүнүн лидери ардактуу конок катары жүрөт.

Садыр Жапаровду Катардын эмири дүйнө чемпионатына чакырган, — Султанбаев