Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

20-декабрдан 21-декабрга чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда жайгашкан орто басымдагы газ өткөргүчтөрүндө сызылып чыккан газды токтотуу боюнча авариялык калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» кабарлады.

Буга байланыштуу төмөндөгү райондордо жаратылыш газы өчүрүлөт:

  • «Аламүдүн – 1» к/р, «Энергетиктер» шаарчасы
  • «Курулушчулар» шаарчасы
  • «Учкун» конушу.

Лебединовка айылында төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында:

  • Калинин
  • Жеңиш пр
  • Садовое
  • Токмок.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.