Бишкектин айрым көчөлөрүндө 9-июлга чейин газ берилбейт

Бишкектин айрым көчөлөрүндө 21-июндан 9-июлга чейин жаратылыш газы берилбейт. «Газпром Кыргызстан» ишканасынан кабарлашкандай, ушул күндөрү Фрунзе көчөсүндө Осмонкул көчөсүнөн Калык Акиевге чейинки бөлүгүндө жаңы газ түтүгү орнотулууда.

Буга байланыштуу Москва-Жибек-Жолу, Осмонкул — Жаш Гвардия бульвары менен чектешкен аймактардагы үйлөргө жаратылыш газы берилбейт. Жаңы газ түтүгүнө абоненттерди туташтыруу төрт этап менен жүргүзүлөт. Ондоо иштери 9-июлга чейин уланат.