Сүйүнбек Касмамбетов: чатакка жакын чаар баш “тентектерибиз” дагы жок эмес

Кирди-чыкты жамаатташ болгон, кылым аша канатташ болгон орус элине ич ара келишим, кеменгерликти тилөө менен миллионго жакын кандашыбыздын тынччылыгын эсибизден чыгарбайлы. Мындай кайрылууну мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кечээ Россияда “Вагнер” тобунун окуясынан кийин жасады.

“Устаранын мизинде оодарылган дүнүйө” деп ата-бабаларыбыз ушул заманды боолголошсо керек. Чеке-белибиз тынч эмес. Кирди-чыкты жамаатташ болгон, кылым аша канатташ болгон орус элине ич ара келишим, кеменгерликти тилөө менен, миллионго жакын кандаштарыбыздын тынччылыгын эсибизден чыгарбайлы. Илгери чоң той-топурда сорпону жорго менен тарткан ыкчамдыгыбыз дагы бар, арабызда чагым айтып, чатакка жакын чаар баш “тентектерибиз” дагы жок эмес. Кыяпат айтып, кыбааны кандырбайлы! Ээнбаштык кылбай, табадан адашып, тобо-топукка жанашып, элдин ээси бар экени эсибизде болсун…”, — деп жазды мамлекеттик катчы.

Эскерте кетсек, ишемби күнү “Вагнер” тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин “Россиянын Коргоо министрлиги “Вагнердин” арткы лагерине сокку урду” деген билдирүү тараткан. Көп өтпөй Москва шаары жана Москва облусунун аймагына болушу мүмкүн делген терактыларды алдын алуу максатында антитеррордук операция режими киргизилген.