Россияда таксистке кол көтөргөн факты боюнча кылмыш иши козголду

Россияда таксистке кол көтөргөн факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, бүгүн, Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнө кыргыз жараны 1975-жылы туулган М.Ш. чакырылган. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Москва шаарындагы полициянын тиешелүү бөлүмүндө жабырлануучунун арызын каттоону уюштурган.

«Таксисттин айтымында, 2023-жылдын 18-июнунда түштөн кийин буйрутма түшүп, андан кийин Неглинная көчөсүндөгү керектүү дарекке жетип, жүргүнчүлөрдү алып кеткен. Бир аз убакыт өткөн соң кардарлардын бири унаадан түшүп, дүкөнгө жөнөп, ал жерден бир бөтөлкө сыра менен кайтып келген. Кардарга унаа ичинде алкоголдук ичимдиктерди ичпөө өтүнүчү менен таксист кайрылганда, анын жанында отурган адам айдоочуга кол көтөрүп, бир нече жолу уруп жиберген. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында таксист денесинен жаракат алган»,-деп жазылат маалыматта.

Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин Москва шаарынын Басманный району боюнча бөлүмүндө Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 116-беренеси «Сабоо» боюнча кылмыш иши козголгон.

Кыргызстандын жараны М.Ш. жабырлануучу катары таанылган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери башталды.

Бир күн мурда социалдык тармактарда Москвада кыргызстандык таксистке кардар кол көтөргөнү тууралуу маалымат тараган. Окуядан кийин кыргызстандык жаран полицияга кайрылганы, бирок алар тиешелүү чара көрбөй жатканы кабарланган.