Президент Бостеридеги 23 жаштагы жарандын өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды

Президент Жапаров коомчулукта резонанс жараткан, Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 23 жаштагы жарандын өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев фейсбук баракчасы аркылуу кабарлады.

«Укук коргоо органдарына окуянын чоо-жайын ар тараптуу жана объективдүү иликтөө тапшырмасы берилди», — деп жазат Султанбаев.

Эске салсак, 5-августтан 6-августка караган түнү Ысык-Көлдө 23 жаштагы жаран каза болгон. Жигиттин сөөгү таңга жуук «Золотые пески» пансионатынын пляжынан табылган. Маркумдун бир тууганы өлүмгө белгисиз адамдардын тобунун ур-токмогу себеп болгонун айтып, окуяга кубө болгон жарандарга кайрылуу жолдогон. Милиция 23 жаштагы жигиттин өлүмүнүн себеби эпилепсия болгонун маалымдаганы кошумчаланган. Бирок, муну маркумдун жакындары четке кагууда.

Ал эми бүгүн, 7-августта «Золотые пески» пансионатынын жээгинде 23 жаштагы эс алуучунун каза болгон окуясы боюнча маалымат берген.

image 1 Президент Бостеридеги 23 жаштагы жарандын өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды