Ысык-Көлдө 25 мас айдоочу кармалды

Дем алыш күндөрү Ысык-Көл районунда 25 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, өткөн дем алыш күндөрү Ысык-Көл облусунун курорттук аймагында жол кырсыктарын алдын алууга багытталган масштабдуу рейддик иш-чара өткөрүлдү. Рейд 5-августтан 6-августка чейин болуп өттү.

«Рейд көрсөткөндөй, «көлдүн» желине жана ысык суусундуктарга мас болгон кээ бир унаа ышкыбоздору мыйзам, жүргүнчүлөр жана башка айдоочулар алдындагы жоопкерчиликти унутуп коюшкан. Ал эми, орду толгус окуяларга орун бербеш үчүн облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү 24 саат бою күчөтүлгөн тартипте, Ысык-Көл районунун эң популярдуу курорттук аймактарынын жанында нөөмөттө турушту.
Натыйжада, жол коопсуздугунун кызматкерлери жалпысынан 294 жол эрежесин бузуу фактыларын аныкташкан, анын ичинен 25 айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жатышкан, 12 унаа ээсинин айнектери караңгылатылган болчу. Айып токтотуучу жайга 33 автоунаа коюлду», — деп айтылат маалыматта.