Ысык-Көлдө тазалык акциясы өтөт

Чолпон-Ата шаарынын жана Бостери айылынын курорттук зоналарында 12-13-август күндөрү «Эко Кербен» акциясы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Иш-чара жарандардын экологиялык маалымдуулугун жогорулатууга жана Кыргызстандын экологиялык көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн бурууга, анын ичинде желим менен булгануу көйгөйүнө жана аны чечүүнүн жолдоруна арналган.

Акция «Жер-Эне» долбоорунун алкагында жана Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата «Эко Деми» коомдук фонду жана «Бакай Банк» ААКсы тарабынан уюштурулууда.

Тазалык акциясынын катышуучулары бардык каалоочуларды «Эко Кербен» акциясына катышууга жана экологиялык аң-сезимдүү коомдун калыптанышына өз салымын кошууга чакырат. Байланыш номерлери: 0755 56-72-72 жана 0551 00-01-20.