Ысык-Көлдүн пляждарына бардык жарандар кире алат

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Маалыматка караганда, буга чейин президент кол койгон «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди.

«Жарлыкка Ысык-Көл көлүнүн пляж аймактарына эркин кирүүнү камсыз кылуу максатында кол коюлду. Өзгөртүүлөрдө бардык жарандарга Ысык-Көлдүн пляждык зоналарына эркин кирүү мүмкүндүгү каралган», — деп айтылат маалыматта.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Ысык-Көлдөгү пансионаттардын көл жээгине чейин чыгып кеткен тосмолорун алуу боюнча жарлык чыгарган. Тосмолор алынганы менен пансионат ээлери жарлыкта алардын пляждарына Ысык-Көлдүн тургундары гана кире алары каралганын айтып, башка жарандарды пляжга киргизбей койгон учурлар болгон.