Садыр Жапаров: Россия менен Кытай кичинекей Кыргызстанга көз каранды эмес

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кыскача маек куруп, анда Кыргызстан санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшүп жатат деген билдирүүлөргө комментарий берди

Америкалык сенатор Роберт Менендес сиздин атыңызга кат жазып, анда Россияга каршы санкцияларды дыкат сактоо өтүнүчү менен кайрылганы тууралуу айрым ЖМКларда маалымат чыкты. Буга чейин Кыргызстандык компания Кытайдан дрон же учкучсуз аппараттарды Казакстан аркылуу өткөрүү учурунда кармалганы тууралуу да маалымат чыккан эле. Дегиле өлкөбүз батыштын санкцияларын айланып өтүүгө жардам берип жатат деп шектенүүгө негиз барбы?

— Эч кандай негиз жок. Россия менен Кытай кичинекей Кыргызстанга көз каранды эмес. Россия менен Кытай өздөрү бири бирине кошуна өлкөлөр. 4000 километр чек ара тилкеси бар. Россия кааласа деңиз аркылуу, кааласа темир жол аркылуу эшелон-эшелон же баржа-баржа кылып каалаган товарын ташып алат. Ооба, Кыргызстандык компания дрон алып бара жаткан жеринен Казакстандан кармалды. Ал дрондор айыл чарба багытына жумшала турган дрондор болчу деп түшүндүрдү. Бирок ошентсе да биз азыр дрон жана учкучсуз аппараттарды өткөрбөй жатабыз.

Ал эми менин атыма сенатор эле эмес, төбөсү көрүнгөн чоңдордун баарынан эле андай каттар көп келип турат. Муну мен жөн гана Кыргызстанды кандай болсо дагы бир шылтоо таап, кысым кылып, өздөрү жакка тартуу деп билем. Биз андайга жол бербейбиз. Биз эгемендүү мамлекетпиз. Баардык өлкөлөр менен бирдей мамиледе болобуз. Көп векторлуу саясат жүргүзөбүз. Россия-Украина маселесинде башталышында эле биз нейтралдуубуз деген позициябызды билдиргенбиз. Ошол позициядан жазбайбыз. Биз позициябызды бир тарабына өзгөртүп койсок эле ошол тарабы жеңип кетпейт. Бизден көз каранды эмес.