Коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү коркуткан жарандар кармалды

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

“Социалдык тармактарда коомдук транспорттун ичинде отурган белгисиз адамдар жүргүнчүлөрдү коркутуп жаткан видео тараган. Видеодо коркутуп жаткан жарандардын бири белгисиз нерселер менен куралданганын көрүүгө болот.
Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган”, – деп айтылат маалыматта.


Ыкчам-иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматкерлери дароо кылмышкерлердин изине түшүшүп, алардын өздүгү такталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алар мурда бир нече жолу соттолушкан 1994-жылы туулган К.Ж жана 2005-жылы туулган А.Р. болуп чыкты.


Учурда иликтөө иштери уланууда.

1aa61648 d43d 4f00 b531 0ac0fa29f58d Коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү коркуткан жарандар кармалды
e7803377 4189 4cc2 9dba e6045a658738 Коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү коркуткан жарандар кармалды

Бишкек ш.ИИББнын Басма сөз кызматы