ИИМ: “Гашиш” баңгизатын сатууга шектелген жаран Бишкек шаарынан кармалды

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлерине жаран “О” Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактарында баңгизаттарды таратуу менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


Алынган маалымат Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан баңгизат саткан адамды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн каттоодон өткөн.


“2023-жылдын 25-июлунда болжол менен саат 22:30да ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагында “Ауди 80” үлгүсүндөгү унаа башкарып бара жаткан 1992-жылы туулган Б. уулу О. шектүү катары кармалган.
Унааны тинтүү учурунда айдоочунун отургучунун астынан баштыкка оролгон тик бурчтуу формадагы таңгак табылып, анын ичинен жалпы салмагы 665 граммды түзгөн кара куурайдай өзгөчө жыты бар зат табылып алынган.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, Б. уулу О. шектүүгө таандык унаада табылган заттар “гашиш” баңгизаты болуп аныкталган.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон”, – деп айтылат маалыматта.


Азыркы учурда шектүү КРнын ЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

df8f31c1 f6ba 4cee 9a26 8f7ff3d0afc0 ИИМ: “Гашиш” баңгизатын сатууга шектелген жаран Бишкек шаарынан кармалды
2126f8c5 1374 4975 b814 759857b5bd23 ИИМ: “Гашиш” баңгизатын сатууга шектелген жаран Бишкек шаарынан кармалды
19b404a0 f9eb 4866 b689 7314b3c6dec1 ИИМ: “Гашиш” баңгизатын сатууга шектелген жаран Бишкек шаарынан кармалды