Нарында төрөт үйү 10 млн сомго оңдолот

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын Төрөт бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоо иштерине «Тенир-Тоо» өнүктүрүү фондунан 10 млн сом бөлүнөт. Мындай чечим кечээ, 8-августта фонддун байкоочу кеңешинин отурумунда кабыл алынды.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, «Кумтөр Голд Компани» ААК башкармалыгынын башчысы Тыныбек Жусубалиев баштаган байкоочу кеңештин мүчөлөрү отурумдан кийин ремонт жасала турган имаратты жеринде көрүштү. Учурда имараттын терезе-эшиктерин, таза суу, канализация системасын толугу менен алмаштыруу жана косметикалык ремонт иштерин жүргүзүү зарылчылыгы турат. Жакын арада оңдоп-түзөө иштери башталат.

Белгилей кетсек, буга чейин «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун эсебинен 2 млн 987 миң сомго аталган имараттын чатыры алмаштырылган.

Мындан сырткары, облустук оорукананын Жандандыруу бөлүмүнө аталган фонддон 3 млн 373 миң сом бөлүнүп, капиталдык ремонт иштери жүргүзүлгөн.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Жандандыруу бөлүмүндө жүргүзүлгөн ремонт иштеринин сапатына жакшы баа беришти. Ал эми Төрөт бөлүмүнүн чатырындагы жумуштарда айрым кемчиликтерди белгилеп, калыбына келтирүү сунушун билдиришти.