ВИДЕО: Нарындын тургуну өз каалоосу менен “Йакын Инкар” экстремисттик уюмдан баш тартты

Бул туурасында Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымат берди.

Маалыматка караганда, “Нелегал” шарттуу аталыштагы рейддик иш-чаранын жүрүшүндө Нарын ОИИБдин жана Ат-Башы РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан экстремисттик уюмдар менен байланышы бар жарандар арасында алдын алуу маектешүүлөр жүргүзүлгөн. Анын натыйжада Кыргызстанда экстремисттик деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Йакын Инкар” агымынын идеологиясын колдоп жүргөн Ат-Башы районунун тургуну Т.А. аталган агымдын мыйзамсыз экендигин түшүнүп, өз ыктыяры менен эктремисттик уюмдун идеологиясын колдоодон баш тартты. Анын айтуусунда салттуу ислам эрежелери менен дин тутууну туура көрүп, мындан ары Кыргыз Республикасында тыюу салынган уюмдар менен байланышпоо, мыйзамдуулукту сактоого милдеттенди.

“Экстремисттик уюмдар, алардын мүчөлөрү, кылмыштуу аракеттери (аракетсиздиктери), интернет булактарындагы шектүү материалдардын жайылышы жөнүндө жана башка экстремисттик көрүнүштөргө күбө жана кабардар жарандарды Нарын ОИИБнын ЭММКАКга, УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгына билдирүүнү сурайбыз”, – деп айтылат облустук милициянын билдирүүсүндө.