Айтматовдо жерди мыйзамсыз колдонуунун алдын алуу боюнча жолугушуу өткөрүлдү


Талас облусунун Айтматов районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Алмазбек Тулебеков, райондук прокуратура жана улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитетинин, райондук администрациянын өкүлдөрү менен биргеликте Шекер айылын жашоочулары менен жолугушту.

Бул туурасында Талас ОИИБдин басма сөз кызматы маалымат берди.

Анда милициянын көчмө кабылдамасы менен жарандардын кайрылууларын кабыл алып, жерди өзүм билемдикке салып же башка себептер менен мыйзамсыз колдонууга алган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертишти. Суу жана жер талаш маселе болсо тийиштүү укук коргоо органдары тарабынан юридикалык баа берилип чечилээри айтылды. Кандай гана жагдай болбосун, коомдук тартип сакталып, адам укуктары конституциялык мыйзамга ылайык аракет болоорун белгилешти.

1f9ae0a4 950d 4add 8183 3c8275961c3b Айтматовдо жерди мыйзамсыз колдонуунун алдын алуу боюнча жолугушуу өткөрүлдү