ИИМдин Күзөт кызматында ыкчам кеңешме өттү

Ыкчам кеңешмеге Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов, Күзөт кызматынын начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Ралис Касанов, Ведомстволук милиция полкунун командири милициянын полковниги Талант Раимбеков, орун басарлары жана батальондун жетекчилик курамы катышты.

Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынан билдиришти.


Ыкчам кеңешмеде Ведомстволук милиция полкунун 2023-жылдын 6 айынын аткарган уюуштуруу-башкаруу, кызмат, кадр жана каржы-чарба ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, анын ичинде “Санарип күзөт” программасын ишке ашыруу тапшырмасынын аткарылышы каралды.


Ыкчам кеңешмеде Каныбек Абдырахманов өздүк курамдын кызматтык тартипти сактоосуна басым жасап, кесиптик жөндөмдөрүн үзгүлтүксүз жакшыртууну талап кылды.


Ошондой эле, стратегиялык объектилерди, жарандардын мүлктөрүн ишенимдүү кайтаруу, кайтарууга турган мекеме-чарбалардын санын көбөйтүү боюнча тапшырмаларын койду.

a589a0ec 2292 4f28 a6e2 97d91ec9fa69 ИИМдин Күзөт кызматында ыкчам кеңешме өттү
4bc60ca3 dba3 4ab7 b5d6 85aca4d68cbf ИИМдин Күзөт кызматында ыкчам кеңешме өттү
a13f5424 6057 40dc 8ebf dde1f687e3d3 ИИМдин Күзөт кызматында ыкчам кеңешме өттү