Садыр Жапаров көк бөрү боюнча клубдар аралык биринчи Дүйнөлүк чемпионатты ачат

Президент Садыр Жапаров көк бөрү боюнча клубдар аралык биринчи Дүйнөлүк чемпионатты ачат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына ылайык, эл аралык турнир 13-20-августта Ысык-Көл районундагы Булан-Соготту айылындагы ат майданында өтөт.

Иш-чаранын ачылыш аземи «УТРК — спорт» телеканалынын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларында түз чагылдырылат.

Түз эфир башталышы 13-августта 13:00дө.

Эскерте кетсек, 13-августтан 20-августка чейин Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө биринчилиги өтөт. Ага сегиз өлкөдөн 15ке жакын клуб катышат.