Төө-Ашууда айдоочу жүк ташуучу унаадан түшүп кетип, көз жумду

Жайыл районундагы Төө-Ашууда айдоочу жүк ташуучу унаадан түшүп кетип, башка жүк ташуучу унаанын дөңгөлөктөрүнүн астында калды. Ал кырсык болгон жерде каза болгон. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 9-августта саат 08:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 120-чакырымында Төө-Ашуу ашуусуна жүк ташуучу унааны башкарып бара жаткан 1999-жылы туулган айдоочу Ж.Б. болгон. Бир маалда кабинанын эшиги ачылып, адам кулап, карама-каршы багытта бара жаткан жүк ташуучу унаанын дөңгөлөктөрүнүн астына түшкөн. Ал денесинен жашоого туура келбеген жаракаттардан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган факт Жайыл районунун ИИБине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.