Чүйдө жол кырсыктан бир адам каза тапты, үчөө ооруканада

Жайыл районуна караштуу Кара-Балта – Степной унаа жолунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды.

Чүй облусунун жол кыймылынын башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсык 9-августта түнкү 12:30 чамаларында болгон. «Toyota Carina» үлгүсүндөгү унаа карама каршы келе жаткан «Mercedes-Benz» менен сүзүшкөн.

Окуяда «Toyota» унаасынын айдоочусу жеринде көз жумган, ал эми үч жүргүнчү райондук ооруканага жеткирилген.

Учурда териштирүү жүрүүдө.