Кеминде үрөй учурган жол кырсыктан 3 адам каза болду

Чүй облусунун Кемин районундагы жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-августта болжол менен саат 16:30 чамасында Бишкек –Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайында Toyota Avensis менен Mercedes-Benz унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

«3 жаран каза болуп, 6 жаран ооруканага жеткирилген»,-деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда тийиштүү материалдар чогултулуп, тергөө амалдары жүрүүдө.