Бишкектеги кафелердин бириндеги мушташ боюнча үч адам кармалды

Бишкек шаарындагы кафелердин бириндеги мушташ боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 3-август күнү милицияга О.Р. аттуу жаран арыз жазып, Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде саат 23:00 чамасында белгисиз адамдар коомдук тартипти бузуп, күч колдонуп, денесине залал келтиргендигин билдирип чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тергөө иштери башталган.

«Иликтөөнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына 1993-жылы туулган М.С., 1998-жылы туулган М. Э. жана 1995-жылы туулган М. Э. жарандары жеткирилген. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында бардык зарыл экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында тиешеси бар адамдардын аракеттерине тийиштүү юридикалык баа берилет»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

77b653f9 6aa3 4bb4 af67 6bfd4c4b3e72 Бишкектеги кафелердин бириндеги мушташ боюнча үч адам кармалды
75899b5d aae5 43c8 b3a9 5d251916c704 Бишкектеги кафелердин бириндеги мушташ боюнча үч адам кармалды
502807aa 9c35 4bfd b430 bb45838cefcf Бишкектеги кафелердин бириндеги мушташ боюнча үч адам кармалды