Боом капчыгайында минивэн менен жеңил унаа кагышты

15-августта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 124-чакырымында жол кырсыгы катталганын ЖКККББ кабарлады.

Кадрлардан минивэн менен жеңил унаа кагышканы көрүнүп турат.

Окуя болгон жерде жол инспекторлору менен медиктер иштеп жатканы айтылды. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Толук маалымат кийинчерээк берилет.