Чолпон-Атада КамАЗ менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Чолпон-Ата шаарында 15-август күнү кечинде КамАЗ менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кагылышуунун натыйжасында жүк ташуучу унаа май куюучу жайдын жанына капталына кулап түшкөн.

Окуянын күбөсү билдиргендей, кырсык саат 19:30дар чамасында болгон.

Окуя болгон жерде патрулдук милиция жана өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.