Ысык-Көлдө 3 унаа сүзүшүп айдоочу каза болду

Алдын ала маалыматка ылайык, Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда Volkswagen Vento унаасы жогорку ылдамдыкта бара жатып, каршы тилкеге чыккан. Натыйжада Chevrolet менен сүзүшүп, андан ары Lexus LX470 унаасы менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен Volkswagen Vento унаасынын айдоочусу каза болуп, башка унаалардагы 6 адам жаракат алышты.

2023 08 11 12 11 42 581501 Ысык-Көлдө 3 унаа сүзүшүп айдоочу каза болду