Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы 2 миллион сомго жакын бааланган тамеки буюмдарын мамлекеттин эсебине конфискациялады
2023-жылдын 21-июлунда Баткен райондук соту тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренеси (Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү) боюнча кылмыш жасоодо, кылмыш ишинин жыйынтыгы боюнча күнөөлүү деп табылган Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну Ж.Д.А. 100 миң сом айып салынган, ошондой эле мамлекетке 1 миллион 800 миң сом өлчөмүндөгү тамекилери конфискацияланган.
Маалымат үчүн: 2023-жылдын 9-майында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ж.Д.А. үйүнө уруксат берилген тинтүү иштеринин учурунда акциздик маркасы жок 17 960 куту тамеки табылган.
![c06fdf35 305c 4ed8 a9bd a4f1edda40a8 УКМК: 1 миллион 800 миң сом өлчөмүндөгү тамекилери конфискацияланды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/c06fdf35-305c-4ed8-a9bd-a4f1edda40a8.jpeg)