Таалайбек Ибраев: Кыргызстан россиялык газдын импортун көбөйтүүнү пландап жатат

    Кыргызстан россиялык газдын импортун көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев РИА Новости агенттиги үчүн курган маегинде айтты.

    Ага өлкө бийлигинин көгүлтүр отту сатып алуунун көлөмүн азайтуу же көбөйтүү боюнча ниети кандай экени тууралуу суроо узатылган.

    “Керектөө жогорулай турганы күтүлүп жаткандыктан сатып алууларды көбөйтүү пландалууда. Биз Бишкекти жана Чүй облусунун райондорун толугу менен газдаштырууну көздөп жатабыз. Мындан тышкары, борбор калаадагы ТЭЦти газга өткөрүү мерчемделген”, — деди Ибраев.

    Анын айтымына караганда, Чалдыбарда кубаттуулугу 500 мегаватка жеткен газ электростанциясын куруу маселеси дагы каралууда