Троллейбус айдоочуларынын айлыгы 50 миң сомго чейин көтөрүлөт

Сентябрь айында троллейбус айдоочуларынын айлыгы 50 миң сомго чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Талантбек Капаров билдирди.

Ал 20-августтан тарта коомдук транспортто накталай эмес төлөм киргизилип, буга байланыштуу башкармалыкта айдоочулар менен жолугушуу өткөнүн эске салды. «Биз эмгек акыны 50 миң сомго чейин көтөрүп жатканыбызды билдиргенбиз. Айрымдары 60-70 миң сомго чейин көтөрүү керек деп макул болбой жатышат. Бирок ишканада мындай мүмкүнчүлүк жок. Алардын айлыгын эки эсеге жакын көтөрүп жатабыз», — деди ал.

Талантбек Капаров кошумчалагандай, жыйында айдоочуларга айлык акы 2024-жылы каралары, балким, дагы бир жолу көтөрүлөрү айтылган.

Буга чейин 100гө жакын троллейбус айдоочулары жумуштан кетүү боюнча арыз жазышкан. Алар айлык акыны көтөрүүнү талап кылып жатышат. «Бүгүнкү күндө айына 20 миң сомдон 28 миң сомго чейин алабыз. Бардык нерсе кымбат, бирок айлык акы көтөрүлбөйт. Мындан тышкары, биз күн сайын тобокелчиликке барабыз. Бирөөнүн унаасын сүрүп кетсек, айлык толугу менен кетет. Камсыздандыруу жок, зыяны үчүн төлөшпөйт”, — деп нааразы болгон троллейбустун айдоочусу Марат Дүйшекеев.

Айдоочулар белгилегендей, бир күн мурун жыйын болуп, анда электрондук билет ийгиликтүү ишке ашса, маянасын 40 миң сомго чейин көтөрүү убадасы берилген. Ошол эле учурда накталай эмес төлөмдөргө каршы эместигин айтышкан. «Тулпарды өзүлөрү сатсын, биз сатуучу эмес, айдоочубуз» дешти алар. 

tr Троллейбус айдоочуларынын айлыгы 50 миң сомго чейин көтөрүлөт