Депутат почта кызматкерлеринин маянасын көтөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына (“Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Почта байланышы жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов белгилегендей, мыйзам долбоору колдонуудагы баалуулуктарды жана принциптерди кайра карап чыгууга негизделген жана жаран менен юридикалык жактардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоого багытталган мыйзамдык базаны оптималдаштырууга жана өркүндөтүүгө багытталган.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев почта кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу маселесин көтөрүп, өзгөчө макамга ээ жүк сакталуучу жайларды ачуу демилгесин да көтөрдү.

Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева электр жана почта байланышын автоматташтыруу жана санариптештирүү жаатындагы көйгөйлөргө токтолду.

Жыйынтыгында депутаттардын бир катар сунуш-пикирлерин эске алуу менен биринчи окууда кабыл алынды.