Мектеп окуучулары жабыркаган жол кырсыктагы сүрөттөр жарыяланды

Бишкек – “Манас” аэропорту жолунда кырсыкка кабылган мектеп автобусунда башталгыч класстын окуучулары болгон. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, автобустун ичинде Чүй облусунун Сокулук районундагы “Ат-Башы мектеп-лицейи” мекемесинин башталгыч класстарынын 18 окуучусу болгон. Маалыматты аталган мектептин директору Рахат Мырзабекова тастыктаган.

“Учурда жол кырсыгынан жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө”, — деп билдиришти министрликтен.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, жол кырсык бүгүн, 20-апрелде катталган, жерине эки тез жардам бригадасы барган.

№3 Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, жол кырсыктан 18 бала жабыркаган, төрт бала реанимацияга түштү, алардын бири оор абалда.

image 13 3 Мектеп окуучулары жабыркаган жол кырсыктагы сүрөттөр жарыяланды
61fb5868 0829 4d27 ae25 0a8547ea2f50 Мектеп окуучулары жабыркаган жол кырсыктагы сүрөттөр жарыяланды
e0c636b6 6ac4 47fa 9ece 6f3543cd3ca3 Мектеп окуучулары жабыркаган жол кырсыктагы сүрөттөр жарыяланды
WhatsApp Image 2023 04 20 at 14.21.52 Мектеп окуучулары жабыркаган жол кырсыктагы сүрөттөр жарыяланды