“Шоронун” суусундуктары бекер таратылат

Эртең “Шоро” компаниясы Бишкек жана Ош шаарларынын көчөлөрүндө өз суусундуктарын акысыз таратат.

“Биз 21-апрель – Орозо айт майрамында “Шоронун” суусундуктары менен баарын сыйлайбыз”, — деп аталган компания Instagram баракчасында билдирүү калтырды.