Белек аттуу таксист кардарларды бекер ташыды

Бишкекте Асиралиев Белек бир күн бою жарандарды айтылган дарекке бекер жеткирет. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал унаасына боорсок, конфет салып, ар бир кардарга ооз тийгизет. Унаасында «бекер такси» деген жазуу бар.

“Шаар ичинде мага жолугуп калсаңыздар боорсок менен момпосуйдан ооз тие кетиңиздер”,-дейт Белек Асиралиев.