Баткенден Ак-Сайга акысыз маршрутка каттай баштады

Баткен шаарынан Ак-Сай айылына акысыз маршрутка каттай баштады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, маршруттук каттам күн сайын эртең менен саат 08:40да Баткенден Аксай айылына, ал эми кечинде саат 17:00дө Аксай айылынан Баткен шаарына жөнөйт.

Белгилей кетсек, буга чейин Аксай айылынын тургундары облус башчысына аталган маршрут боюнча каттам уюштуруу маселеси менен кайрылган.