Кыргызстан Малайзиядагы MATTA Fair ири туристтик көргөзмөсүнө катышууда

Кыргызстандын делегациясы алгач ирет Малайзиядагы MATTA Fair ири туристтик көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Көргөзмө 17-19-мартта Куала-Лумпурда өтүүдө. Ага катышуу үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтик тармактын өкүлдөрү келип, алардын басымдуу бөлүгү Азия өлкөлөрүнөн болушат. Кыргызстандын делегациясынын көргөзмөгө катышуусун жана улуттук павильондун ишин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду колго алган.