ВИДЕО: «Жалал-Абад» санаторийинин директорунун орун басары кармалды

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын «Жалал-Абад» санаторийинин (курорт) директорунун орун басары бейтаптардан системалуу түрдө акча каражатын талап кылып кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, жогоруда аталган мекеменин директорунун дарылоо бөлүмү боюнча орун басары А.М.С. «Жалал-Абад» санаторийинин бейтаптарынан акча алып жаткан жеринен кармалган.

Белгиленгендей, кармалган А.М.С. иш жүзүндө бекер бериле турган жана санаторийдин медициналык процедураларынын милдеттүү прейскурантына киргизип, дарыланып жаткандардан кошумча медициналык процедураларды санаториялык китепке киргизүү үчүн акча талап кылуу менен системалуу түрдө алектенип жүргөндүгү аныкталды.

Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.