Бишкекте ак элечекчен энелердин жөө жүрүшү өттү

Бишкек шаарында Аялдардын эл аралык күнүндө Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Кыргызстандын пенсионерлери партиясы менен биргеликте баатыр энелердин жүрүшүн уюштурушту.

Ак элечекчен энелердин жөө жүрүшү Ала-Тоо аянтынан тарта Уркуя Салиеванын эстелигине чейин уланды.

«Бул акция менен биз улуттук салтыбызды коргоого, улуттук баалуулуктарыбызды сактоого милдеттүү экендигибизди көрсөттүк. Биз бала ата-энеси менен өскөн салттуу үй-бүлөнүн сакталышын көздөйбүз, ак калпак, ак элечек улуттук кийимибиз экендигин тааныган муунду тарбиялайбыз, ар бир адам ой-пикирин айта алган коомду түзөбүз», — деди министр Кудайберген Базарбаев.

Соңунда министр Кудайберген Базарбаев президент Садыр Жапаровдун атынан катышуучуларга белек катары жоолук берди.

Бишкекте ак элечекчен энелердин жөө жүрүшү өттү
Бишкекте ак элечекчен энелердин жөө жүрүшү өттү
334047955 759935795547653 4474406099822454116 n Бишкекте ак элечекчен энелердин жөө жүрүшү өттү