Депутаттар элчи менен министрдин ишине нааразы

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевди кызматынан бошотуу сунушу президентке жолдонду.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, ушул эки адамдын кызматтык ордун, ишин карап чыгууну өтүнөбүз. Орусиядагы өкүлүңүз кандай иштеп жатканын мигранттар сизге кире албаса да социалдык тармактардан айтып жатышат.

Ошондуктан сиз өз эркиңизди колдонуп, бөлөк жерде жүргөн мекендештерге көңүл бурган, укугун коргогон адамды шайлайсыз деген ойдомун» , — деди «Элдик» депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев.