Азия MIXте мурда ойногон Марат Жуманалиев алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин УКМК «Спекулянт» ЖЧКсынын башкы директорун алдап кетүүгө шектелип эки адам кармалганын билдирген.
Маалым болгондой, Д.М.С. жана С.А.К. аттуу жарандар Россиянын атуулу болгон «Спекулянт» ЖЧКсынын башкы директоруна (Ш.В.) укук коргоо органдарында болгон маселесин чечип берүүнү убада кылып, ири өлчөмдө чет элдик валютада акча алган.
Бирок берген убадасын аткарган эмес. Алар өлкө жетекчилиги, ошондой эле УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу менен тааныштыгы бар экенин айтып, Ш.В. аттуу жарандын туугандарына басым кылган.