Кыргыз-казак чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Чоң-Капка – унаа жол” өткөрүү бекетинде адамдардын, унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу КР Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 19:00дөн 21:00гө чейин Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын техникалык базасын жаңылоого байланыштуу “Чоң-Капка – унаа жол” өткөрүү пунктунда адамдардын жана унаалардын жана жүктөрдүн өтүүсү убактылуу токтотулат.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттары штаттык режимде иштейт.