Наталья Никитенко: Асия Сасыкбаева кардиологиялык клиникада текшерүүдөн өтүшү керек

Массалык баш аламандык уюштурган деген шек менен Бишкектеги СИЗО-1де камакта жаткан Асия Сасыкбаева кардиологиялык клиникада текшерүүдөн өтүшү керек. Бул тууралуу парламенттин экс-депутаты Наталья Никитенко билдирди.

Анын айтымында, Асия Сасыкбаеванын ден соолугу бир топ начарлап кеткен. Ал жогорку сапаттагы диагностикага жана андан кийинки дарылоого муктаж.

«Мындан тышкары Гүлнара Журабаева дагы ооруканага жаткырылышы керек. Анын өнөкөт оорулары күчөп кетти. Аялдар өздөрүн абдан жаман сезип жатышат”, – дейт Наталья Никитенко.

Асия Сасыкбаева менен Гүлнара Журабаеванын кызыкчылыгын коргогон жактоочулар камакка алынган адамдарды ооруканага жөнөтүү өтүнүчү менен Жаза аткаруу кызматына кайрылуу ниетинде экени айтылды.