УКМК Токмок шаардык милициясынын тергөөчүсүн кармады

Токмок шаардык милициясынын тергөө кызматынын улук тергөөчүсү пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Б.Б.К. аттуу тергөөчү 50 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Кармоо иш-чарасы ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн.

«Б.Б.К. аттуу тергөөчү жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, акча талап кылып келгендиги аныкталды», — деп билдирет УКМК.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

WhatsApp Image 2023 03 09 at 08.02.19 УКМК Токмок шаардык милициясынын тергөөчүсүн кармады
WhatsApp Image 2023 03 09 at 08.02.18 УКМК Токмок шаардык милициясынын тергөөчүсүн кармады
whatsapp image 2023 03 09 at 09 33 22 1 УКМК Токмок шаардык милициясынын тергөөчүсүн кармады