Өндүрүш Токтонасыровду милиция кызматкерлери алып кеткен

Кечээ, 30-июнда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду милиция кызматкерлери алып кетип, ал ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

«Токтонасыров үйүнө кайтып келди. Аны документтерге кол коюуну талап кылышкан. Бирок ал баш тарткан. Эртең мененки саат 10:00го ИИМге кайра чакырылды», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, буга чейин белгисиз адамдар Өндүрүш Токтонасыровду 30-июнь болжол менен саат 21:00до Чүйдүн Лесное айылындагы үйүнөн ак жигулиге салып кетишкен. Өндүрүш Токтонасыровду унаага салып кеткендер 4 адам болгон.