Өндүрүш Токтонасыров ИИМге сурак берүү үчүн кирип кетти

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 1-июлда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына сурак берүү үчүн кирип кетти.

«Кечээ саат 23:00гө чейин суракка алышты. «Расалык, улуттар жана аймак аралык кастыкты козуткан пост жазгансың» — деп айтышты», — деп билдирген Токтонасыров.

Эске сала кетсек, Токтонасыровду 30-июнда Сокулук районунун Лесное айылынан ак түстөгү унаага белгисиз бирөөлөр салып кетишкен.

Укук коргоочулар ИИМге кайрылып, окуя боюнча Сокулук райондук милициясына арыз жазылып, каттоого алынган.