ВИДЕО: Эртай Искаков суракка чакырылды

Активист Эртай Искаковду Сокулуктагы ички иштер бөлүмүнө суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзү билдирди. Активисттин айтымында суу тартыштыгынан улам Селекциянын жашоочулары митингге кечээ кечинде чыгышкан. Искаков билдирүүсүндө жактоочусун телефон номерин калтырган.

Белгилей кетсек, суу тартыштыгынан кыйналган Селекция айылынын тургундары кечээ, 14-июлда митингге чыгып, Түштүк магистралды жаап алышкан.

“Эки айдан бери суу жок отурабыз. Акылбек Жапаров келгенде айыл өкмөт башчысы бир аптадан кийин беребиз деген, бирок андай болгон жок. Эки ай суу бербей койгон кантип болсун?” — деген жашоочулар.

Эл чогулган жерге келген “Бишкек суу каналынын” башчысы Таалайбек Орозов мындан ары Арча-Бешик менен Селекция айылына суу алмак-салмак күн алыс берилип турарын убадалады.

Эске салсак, күн ысый баштагандан бери Бишкектин жогорку бөлүгү жана анын тегерегиндеги жаңы конуштарда суу тартыштыгы пайда болду. Мындан улам эл нааразы болуп, буга чейин дагы бир нече ирет акцияларды уюштурган эле.